18.03.2019 11:40

КР Мамлекеттик чек ара кызматы тажик ЖМКларын  туура эмес маалыматтарды таратпоого чакырат

КР Мамлекеттик чек ара кызматы тажик ЖМКларын  туура эмес маалыматтарды таратпоого чакырат

КР Мамлекеттик чек ара кызматы тажик ЖМКларын чек арадагы кырдаалды чагылдырууда акыйкат болуп, туура эмес маалыматтарды таратпоого чакырат.

Буга чейин тажикстандык Asia Plus  маалымат сайтында «Кыргыз чек арачылары Кызыл Чырымдын унаасын Ворух анклавына киргизбей жатат» аттуу макала жарыяланып, аны башка тажик сайттары да чыгарган. 

КР чек ара кызматы бул эл аралык уюм өкүлдөрүнүн коопсуздугу үчүн жасалганын билдирет. «Чатак чыккандан баштап эле чек арага жакын жайгашкан Аксай менен  Ворух аймагынын элдеринин маанайы агрессивдүү болду. Эл аралык уюмдун өкүлдөрүнүн коопсуздугу үчүн тажик мамлекеттик номерлери илинген унааларды өткөрүү убактылуу токтотулган. 2019-жылдын 16-мартында Эл аралык Кызыл чырым комитетинин эн белгиси коюлган унаа «Дача» аймагына келди, ал Аксай айылына жакын жайгашып, унаа жол жергиликтүү тургундар тарабынан жабылып турган. Эл аралык уюмдун унаасынын артында бул уюмга тиешелүү экенин далилдей турган эч бир белги коюлбаган унаалар да бар эле. Муну көргөн Аксай айылынын тургундары нааразы болуп башташканда, аны күчөтпөө аракетинде чек арачылар Эл аралык уюмдун өкүлдөрүнө абалды түшүндүрүп, кырдаал турукташкыча күтө турууну өтүнүшкөн. Чек арачылар менен сүйлөшкөн соң Эл аралык уюмдун өкүлдөрүнүн унаасы артка кеткен», -деп билдиришет чек ара кызматынан. 

Ошондой эле, ушул эле тажик сайтында «дагы бир жергиликтүү тургун телефон чалып, жолдун жабыктыгынан эжесинин сөөгүн алып кете албай жатканы» тууралуу айтканы жарыяланган. 

Кыргыз чек арачылары бул жалган маалымат экенин билдиришет.  «15-мартта тажик тарап Тажикстандын Исфара шаарынан Ворух анклавына «Жүк-200дү» өткөрүп кетүү боюнча кайрылган. Ошондо эле, кыргыз чек арачылары милиция кызматкерлери менен биргеликте сөөктү алып бараткан унааны жана аны коштоп бараткан тажик жарандарын өткөрүп коюшкан», -деп айтылат маалыматта. 

Мындан улам, КР Мамлекеттик чек ара кызматы тажик ЖМКларын маалымат таратууда акыйкат болуп,  туура эмес маалымат таратпоого чакырат. 

Белгилей кетүүчү жагдай, аталган тажик сайты жергиликтүү телеканалдардын бири тарткан тасманы да кошо жарыялаган. Анда кабарчы Кызыл чырымдын өкүлдөрүнө «Биз Кызыл чырымдын унаасын өткөрбөй коюшкандарына күбө болдук. Кыргызстандын чек арачылары Ворух анклавына дары-дармек жеткирүүгө уруксаат берген жок» деп жатат.

Буга Эл аралык уюмдун өкүлү жай гана «Бизге уруксаат берилишин күтүп жатабыз. Кыргыз чек арачылары маселе чечилип жатканын айтып, күтө тургула дешти»,- деп жооп берди. Башкача айтканда, кыргыз тараптан «өткөрбөйбүз» деген  сөз чыккан эмес.